Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 5-июну ПЖ № 287
Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык
борборуна "улуттук" статусун берүү жөнүндө
Мектептен тышкаркы, кошумча билим берүүгө балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборунун өзгөчө сиңирген эмгегин, ошондой эле өсүп келаткан муунду тарбиялоого кошкон кыйла салымын эске алып,
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" республикалык борборуна "улуттук" статусу берилсин жана мындан ары "Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору" деп аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Балдардын жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борбору жөнүндө Жобону бекитсин;
- ушул Жарлыктан келип чыккан уюштуруу жана финансылык маселелерди 2007-жылга каралган каражаттардын чектеринде чечсин.
- өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К. Бакиев |