Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 24-августу ПЖ № 382
Республиканын нефтегаз өнөржайынын кызматкерлерин
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын нефтегаз өнөржай тармагына сиңирген эмгеги үчүн
Атабеков Турсунбай - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Жалалабат газ чарба башкармасынын авариялык-диспетчердик кызматынын оператору;
Вахидов Шамил Салихович - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын үй ичиндеги газ жабдуулар кызматынын слесары;
Исаков Хасилжан Эргешбаевич - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Түштүк магистралдык газ түтүктөрү башкармасынын газоэлектр-ширетүүчүсү;
Караченцева Валентина Александровна - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Чүй газ чарба башкармасынын Кант газ участкасынын авариялык-диспетчердик кызматынын устаты;
Куршева Нина Пегровна - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун автогазтолтургуч компрессордук станциясынын оператору;
Сартманов Тиленбай - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Ош газ чарба башкармасынын автогаражынын айдоочусу;
Төрөбаев Алымжан Камалович - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармасынын көчмө компрессорунун машинисти;
Усов Владимир Иванович - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын үй ичиндеги газ жабдуулар кызматынын слесары;
Эргашев Төрөбай - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун нефтегаз алуу башкармасынын нефть жана газ алуу боюнча оператору.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |