Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 31-майындагы № 172 жарлыгына
ылайык күчүн жоготту
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2007-жылдын 24-августу ПЖ № 383
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүнжана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан
анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп
бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө кезектеги чакыруу жөнүндө
альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлерин запаска бошотуу, ошондой
эле 2007-жылдын октябрь-декабрында жарандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматөтөөгө кезектеги
чакыруу жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы аскердик милдети жөнүндө" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн катарынан анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлер запаска бошотулсун.
2. 2007-жылдын октябрь-декабрында чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон эркек жарандар, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырылууга укуктарын жоготкон улуу чакыруу курагындагы жарандар Кыргыз Республикасынын министрликтери менен администрациялык ведомстволоруна, ишканаларына, мекемелерине жана уюмдарына анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бошотуунун мөөнөттөрүн, анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырууну жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
К.Бакиев |