ЖарлыкКүчүндө

КР Президентинин 2007-жылдын 3-сентябрындагы ПЖ № 394 «К.К.Жобонов, О.К.Джаркимбаев, М.А.Токтомушев жөнүндө» Жарлыгы

Редакция03.09.2007 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫК

2007-жылдын 3-сентябры ПЖ № 394

К.К.Жобонов, О.К.Джаркимбаев,

М.А.Токтомушев жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 3-пунктчасына ылайык:

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. 2007-жылдын 29-июнунан тартып бошотулсун:

Жобонов Койчубек Касымович - 2000-жылдын 31-июлунда № 194 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Ош облустук сотунун судьялык кызматынан.

2. Ыйгарым укугунун мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу 2007-жылдын 31-июлунан тартып бошотулсун:

Джаркимбаев Оторбай Карпаевич - 2000-жылдын 31-июлунда № 194 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Ысыккөл облустук сотунун судьялык кызматынан;

Токтомушев Мекен Абдрасулович - 2000-жылдын 31-июлунда № 194 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен дайындалган Бишкек шаарынын Арбитраждык сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматынан, кийин 2003-жылдын 2-августунда № 252 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Бишкек шаарынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрагасынын орунбасарынын кызматына которулган.

 

Кыргыз Республикасынын

             Президенти

 

К.Бакиев