Загрузка документа…
УТРАТИЛ СИЛУ в соответствии с Указом Президента КР от 28 декабря 2022 года УП № 408
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
УКАЗЫ
1993-жылдын 7-апрели ПУ № 111
Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратын кайра уюштуруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президенти менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин уюштурууну өркөндөтүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишин камсыз кылуучу структуралык бөлүмдү бөлүп алуу менен ал кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты түзүлсүн
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдында мамлекеттик катчынын Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин кызматы киргизилсин.
4. Президенттин Аппаратыныны жетекчисинин – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысынын кызматы жоюлсун.
5. Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын структурасы бекитилсин./тиркелет/
6. Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик катчы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси эки жумалык мөөнөтө Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитүүгө сунуш кылсын.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки жумалык мөөнөтө:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты жөнүндөгү жобону иштеп чыксын жана бекитсин
- Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты кайраштууруга байланышкан уюштуруу-финансылык маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |