Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
1997-жылдын 4-февралы ПУ № 32
1997-жылды улгайган адамдардын
Жылы деп жарыялоо жөнүндө
Улуу муундарды социалдык жактан коргоону жогорулатуу, жалпы улуттук ынтымакты жана республикадагы социалдык-саясий туруктуулукту чыңдоо, ошондой эле элдин улууну урматтоо салтын өнүктүрүү жана тереңдетүү максатында токтом кылам:
1. 1997-жыл Кыргыз Республикасында улгайган адамдардын Жылы деп жарыялансын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- 1997-жылдын 1-мартына чейин тийиштүү ведомстволордун жана коомдук уюмдардын катышуусу менен улгайган адамдардын Жылын өткөрүү боюнча өкмөттүк комиссияны түзсүн;
- ушул Указ күчүнө кирген күндөн баштап эки айлык мөөнөттө 1997-жылдын 1-октябрындагы улгайган адамдардын Бүткүл дүйнөлүк күнүн бардык жерде майрамдоо менен бирге улгайган адамдардын Жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын программасын иштеп чыксын;
- областтык, райондук жана шаардык мамлекеттик администрацияларда, айыл өкмөттөрүндө улгайган адамдардын Жылын өткөрүү, тийиштүү иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана аларды аткаруу боюнча жумушчу комиссияларды түзүүнү камсыз кылсын.
3. Ушул Указдын аткарылышына контролдук кылуу Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисине жүктөлсүн.
4. Бул Указ жарыяланган учурдан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |