КР Президентинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы ПЖ № 228 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
1996-жылдын 26-февралы ПУ № 23
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасын кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкага кетүү жөнүндөгү өтүнүчүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-статьясынын 4 жана 5-пункттарын жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Өкмөттүн жаңы курамы түзүлгөнчө өз ыйгарым укуктарын аткарып туруу тапшырылсын.
3. Ушул Указ ага кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |