Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 172 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗ
1998-жылдын 16-марты ПУ № 47
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка
аскердик бөлүктөрүнүн, Россия Федерациясынын Федералдык
чек ара кызматынын Кыргыз Республикасындагы чек ара
кызматчыларынын тобунун катарынан анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматтын
белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана
альтернативдик (аскердик эмес) кызматкелерин
запаска бошотуу жана 1998-жылдын апрель-
июнунда граждандарды анык аскердик
жана альтернативдик (аскердик
эмес) кызмат өтөөгө
кезектеги чакыруу
жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Жалпы аскердик милдет жөнүндөгү" жана "Альтернативдик (аскердик эмес) кызмат жөнүндөгү" мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн жана башка аскердик бөлүктөрүнүн, Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Республикасындагы чек ара кызматчыларынын тобунун катарынан анык аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөп бүткөн аскер жана альтернативдик (аскердик эмес) кызматкерлери запаска бошотулсун.
2. 1998-жылдын апрель-июнунда чакыруудан кийинкиге калтырууга укуктары болбогон, чакыруу күнүнө карата 18 жашка толгон, ошондой эле чакыруудан кийинкиге калтырууга укуктарын жоготкон улуу курактагы Кыргыз Республикасынын эркек граждандары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө жана башка аскердик бөлүктөргө, Россия Федерациясынын Федералдык чек ара кызматынын Кыргыз Республикасындагы чек ара кызматчыларынын тобуна анык аскердик кызматка, ошондой эле альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү запаска бошотуунун мөөнөттөрүн, граждандарды анык аскердик жана альтернативдик (аскердик эмес) кызмат өтөөгө чакыруу жүргүзүүнүн тартибин аныктасын.
4. Ушул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев
|
|
|