Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
1997-жылдын 15-апрели ПУ № 106
1996-жыл үчүн адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин 1996-жыл үчүн адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын ыйгаруу жөнүндөгү чечимин карап көрүп, токтом кылам:
1. 1996-жыл үчүн адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын жана лауреаттын наамын төмөнкү маданият ишмерлерине ыйгаруу жөнүндөгү адабият, искусство жана архитектура жагында Токтогул атындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары боюнча Комитеттин 1996-жылдын 18-декабрындагы чечими бекитилсин:
Турапов Керимге | - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук телерадиоберүү компаниясынын академиялык симфониялык оркестринин солисти-концерттик-аткаруучулук иши үчүн |
Үсөнбаев Замирбекке | - Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын төкмө акыны-концерттик-аткаруучулук иши үчүн |
Жакыпбеков Ашымга | - жазуучу-«Теңири Манас» романы үчүн (көзү өткөндөн кийин) |
2. Бул Указ жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А. Акаев |