Редакцияот 19.03.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 19 марты ПЖ № 58

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө

КСДП, "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" депутаттык фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрындагы макулдашуунун негизинде түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешиндеги "Ырыс алды - ынтымак" фракциясынын коалициясынын парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугу жөнүндө расмий билдируүгө байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 7-бөлүгунө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 4-бөлүгүнүн ЭКИНЧИ абзацына, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесинин 8-бөлүгүне ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кецешинин КСДП, "Ар-Намыс", "Ата-Мекен" фракцияларынын ортосундагы 2012-жылдын 3-сентябрындагы макулдашууга ылайык түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелсин.

2.Премьер-министрдин, биринчи вице-премьер-министрдин, вице-премьер-министрлердин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн, ошондой эле администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин кызмат орундарын ээлеген адамдар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин мурда ээлеген кызматтарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана администрациялык ведомстволорунун жетекчилеринин милдеттерин аткарууну улантсын.

3. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

               Президенти

 

А.Атамбаев