Загрузка документа…
КР Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 62 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 20 марты ПЖ № 62
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде парламеттик көпчүлүк коалициясын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинде фракциялардын "Ырыс алды - ынтымак" коалициясы парламенттик көпчүлүк статусун жоготкондугуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесине, 84-беренесинин 2 жана 7-бөлүктөрүнө, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын түзүү жана 2014-жылдын 11-апрелинен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызмат ордуна талапкерди көрсөтүүнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын кароону жана бекитүүнү, түзүмүн жана курамын аныктоону камсыз кылуу сунуш кылынсын.
Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын парламенттик фракциясына парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзүүнүн жүрүшүндө бийликтин бардык бутактарынын башкы милдети болуп мам лекеттүүлүктү бекемдөө жана 2013-2017-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясын сөзсүз ишке ашыруу эсептелерин көңүлгө алуу сунушталсын.
3.Парламенттик фракциялар парламенттик көпчүлүк коалициясын жана коалициялык макулдашууну түзгөндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын катуу сактасын. Коррупциялык коркунучтарды эске алып, административдик ведомстволордогу, башка органдардагы жана уюмдардагы кызмат орундарын фракциялар ортосунда бөлүштүрүүнүн колдонуудагы практикасынан баш тартып, коалициялык макулдашууда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн гана курамын аныктасын.
4. Бул Жарлык кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Атамбаев |