КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 13-сентябры ПЖ № 406
Ж.С.Алиевага, М.Б.Калимбетовага "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи"
деген ардактуу наам берүү жөнүндө
Республиканын сот органдарындагы үзүрлүү иши үчүн "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" деген ардактуу наам берилсин:
Алиева Жаңыл Садыевнага - Бишкек шаардык сотунун төрайымы;
Калимбетова Мактым Борбугуловнага - Жалалабат облусунун Жалалабат шаардык сотунун төрайымы.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |