Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 25-сентябры ПЖ № 415
Нарын облусунун Нарын шаарынын В.П.Чкалов атындагы № 2 орто мектебин
"Даңк" медалы менен сыйлоо жөнүндө
Билим берүү системасын өнүктүрүүгө, балдарды жана жаштарды тарбиялоого, республиканын түрдүү тармактары үчүн жогорку квалификациядагы кадрларды даярдоого кошкон зор салымы үчүн Нарын облусунун Нарын шаарынын В.П.Чкалов атындагы № 2 орто мектеби "Даңк" медалы менен сыйлансын.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |