Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 27-сентябры ПЖ № 419
Дене тарбия жана спорт кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын дене тарбиясын жана спортун өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн
Асанкулов Кеңешбек - Аламүдүн райондук дене тарбия жана спорт боюнча комитетинин төрагасы;
Ахметов Майрамбек Джанилович - Шералы Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайынын машыктыруучу-окутуучусу;
Джетыбаев Нуртазин Алымкулович - Кыргыз Республикасынын мини-футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу;
Кукеев Адылбек Караевич - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин "Динамо" окуу-машыктыруу борборунун усулчу-улук инспектору; Кыргыз Республикасынын Волейбол боюнча судьялар коллегиясынын төрагасы;
Үсөнканов Анарбек Абдыбаевич - Кыргыз Республикасынын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |