Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 15-октябры ПЖ № 452
Стандартташтыруу жана метрология кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын
Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Стандартташтырууга жана метрологияга сиңирген эмгеги үчүн
Абдимомунова Дилбархан - Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Ош сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун сертификациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Рахманкулова Батмакүл - Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Каракол сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун сертификациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Абдраимова Сулайка Ашимовна - "КыргызСертика" мамлекеттик ишканасынын эл керектөөчү товарларды, идиштерди жана таңгактарды сертификациялоо бөлүмүнүн начальниги;
Кимсанов Нурмахамад - Кыргыз Республикасынын Стандарттар жана метрология улуттук институтунун Жалалабат сыноо, стандартташтыруу жана метрология борборунун директору.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |