Загрузка документа…
КР Президентинин
2022-жылдын 15-августундагы ПЖ N 283 Жарлыгына ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 464
Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана экспорттук-импорттук жол-жоболорду өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
(КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
Тышкы соода чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты өнүктүрүү жана турмушка ашыруу, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын, сапатын жогорулатуу жана керектөөчүгө багыттоо, ишкердин акниеттүүлүк принцибин киргизүү, ошондой эле мамлекеттин жана бизнес субъекттердин ортосундагы өнөктөштүктү жана ишенимди өнүктүрүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жана башка мамлекеттик органдар төмөнкүлөрдү көрсөтүлгөн чөйрөдө мамлекеттик саясаттын негизги багыттары деп эсептесин:
- тышкы сооданын администрациялык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу;
- тышкы соодага тиешелүү бардык жөнгө салуучу талаптарды аткаруу максатында бирдиктүү өткөрүү каналын пайдалануу менен маалыматты жана документтерди стандартташтырууга мүмкүндүк берген "бирдиктүү терезе" механизмин киргизүү;
- тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы маалыматтык технологияларын жана жаңы механизмдерин киргизүү;
- эларалык стандарттарга ылайык келүү максатында тышкы соода чөйрөсүндө региондук транзиттик системаларды түзүүгө багытталган чараларды киргизүү.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү: тышкы сооданын администрациялык жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана оптималдаштыруу максатында:
- бир айлык мөөнөттө экспорт жана импорт чөйрөсүндө учурдагы администрациялык жол-жоболорду оптималдаштыруу жана кыскартуу боюнча чараларды көрсүн;
- бажы жыйымдарын төлөө учурунда товарларды жана транспорт каражаттарын бажылык тариздөө боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү үчүн бажы органдарынын чыгымдарынын наркынын чегин бир айлык мөөнөттө аныктасын жана бекитсин;
- жүктөрдү өткөрүү пункттарынын жалпы санынын ичинен чегарада баштапкы санитардык контролдун милдеттүү түрдө болушун жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылуу зарыл болгон пункттардын тизмесин бир айлык мөөнөттө аныктасын;
- жүктөрдү өткөрүүнүн жогоруда аталган пункттарында мамлекеттик органдардын өзара аракеттенүүсүнүн тартибин аныктасын;
- жогоруда көрсөтүлгөн өткөрүү пункттарын 2008-жылга бюджеттин долбооруна киргизүү үчүн аларды материалдык-техникалык жактан жабдуу жана уюштуруу жактан камсыз кылуу боюнча сунуштарды эки айлык мөөнөттө иштеп чыксын;
соодага жана жүк ташууларга көмөктөшүү боюнча чараларды координациялоо максатында:
- бир айлык мөөнөттө Соодага жана транспортко көмөктөшүү боюнча улуттук кеңешти түзсүн, Улуттук кеңештин Жобосун жана курамын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте бекитсин;
-тышкы соода операциялары боюнча мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү берүү учурунда "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү максатында:
- "бирдиктүү терезе" принцибин киргизүү Концепциясын, ошондой эле тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы жаңы маалыматтык технологияларын төрт айлык мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин;
тышкы соода ишин жүзөгө ашыруунун учурдагы жаңы маалыматтык технологияларын жана жаңы механизмдерин киргизүү максатында:
- Экономикалык иштин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик маалымат базасын түзүү жөнүндө маселени бир айлык мөөнөттө иликтесин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги ишке тиешелүү мамлекеттик башкаруу органдарын тартуу укугу менен Экономикалык иштин субъекттеринин бирдиктүү мамлекеттик маалымат базасын түзүү жана техникалык коштоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган болуп аныкталсын.
Экономикалык иштин субъекттеринин каттоо, маалыматтык жана башка идентификациялык маалыматтарын чагылдырган колдо бар ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде экономикалык иштин субъекттеринин Бирдиктүү мамлекеттик маалыматтар базасын (мындан ары - Бирдиктүү база) түзүү жана киргизүү этап боюнча жүзөгө ашырылсын:
- эки айлык мөөнөттө ведомстволук маалыматтар базасынын негизинде Бирдиктүү базанын түзүмү аныкталсын (I этап);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик маалыматтык ресурстар жана технологиялар агенттиги:
- үч айлык мөөнөттө Бирдиктүү базаны түзүү жана Бирдиктүү базадан маалыматтарды алуу (II этап) үчүн маалыматтарды берүүнүн регламентин иштеп чыксын;
- таламдаш жактарга Бирдиктүү базага ээ болуу (III этап) каражаттарын берсин.
(КР Президентинин 2008-жылдын 18-декабрындагы ПЖ № 452 Жарлыгынын редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өз чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |