Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 23-октябры ПЖ № 468
Мыйзам күчүнө ээ
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин мөөнөтүнөн мурда таркашына байланыштуу жана Кыргызстан Республикасынын он экинчи чакырылыштагы Жогорку Советинин он экинчи сессиясында 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган, 2003-жылдын 3-февралындагы референдумда кабыл алынган Кыргыз Республикасынын 2003-жылдын 18-февралындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы жөнүндө" Мыйзамында баяндалган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 68-статьясынын 2 жана 3-пункттарына ылайык ушул Жарлыкты чыгарам.
1-статья.
"Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1996-жыл, № 7, 92-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
121-статья төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи бөлүк менен толукталсын:
"8. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү салык төлөөчү субъект бюджетке КНС төлөгөн учурда товарлардын, жумуштардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн экспортун кошпогондо, ушул Кодекстин 139-статьясынын 3-бөлүгүнө ылайык берилүүчү жана жеткирүү максаты үчүн өндүрүштө пайдаланылуучу сатып алынган материалдык ресурстардын наркынан 3 процент өлчөмүндө белгиленген чегерүүгө укугу бар.".
2-статья.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
3-статья.
Бул Жарлык жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |