Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2007-жылдын 12-ноябры ПЖ № 493
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун ьсудьяларынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жергиликтүү
сотторунун судьяларын жиберүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 2-пунктунун 3-пунктчасына жана 84-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Абдазов Закир Аписович беш жылдык мөөнөткө Баткен облустук сотунун төрагасынын орунбасары болуп дайындалсын
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Балкыбекова Дамира Абдыкадыровна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Ташкараева Анарбубу Конгайтиевна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Талас облусунун Талас шаардык сотуна жиберилсин
4. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Эшалиев Нурманбет Касымбекович жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөге ашыруу үчүн Чуй облусунун Кемин райондук сотуна жиберилсин
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |