Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 1-марты ПЖ № 89
У.К.Сарбанов жана М.Б.Ишенбаев жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 118-статьясына ылайык жана Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2006-жылдын 24-февралындагы N УД-233/06БЗ чечимин эске алып, Сарбанов Улан Кытайбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын кызматынан убактылуу четтетилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орунбасары Ишенбаев Максатбек Бейшенбековичке Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын милдеттерин убактылуу аткаруу жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |