КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 10 апрели ПЖ № 94
А.Э. Багышева жөнүндө
.Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушу боюнча Багышева Айгүл Эмилевна өзүнүн каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы кызматынан жана Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын аткаруудан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |