КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 20-марты ПЖ № 135
Т.Т.Абдраев, Г.С.Алиева жана башкалар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 5-пунктчасына жана 80-статьясындагы 6-пунктка ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Абдраев Таалайбек Токтомушевич - Бишкек гарнизонунун Аскердик сотунун судьялыгына беш жылдык мөөнөткө;
Алиева Гүлкайыр Сакешовна - Ысыккөл областынын Аксуу райондук сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө;
Аскар уулу Тынарбек - Баткен областынын Сүлүктү шаардык сотунун төрагалыгына жети жылдык мөөнөткө;
Жээналиев Марат Субанбекович - Чүй областтык сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө;
Карабеков Алмаз Маматбекович - Ош гарнизонунун Аскердик сотунун судьялыгына жети жылдык мөөнөткө;
Касымбеков Кубанычбек Калыбекович - Жалалабат областынын Сузак райондук сотунун судьялыгына беш жылдык мөөнөткө.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |