КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 20-марты ПЖ № 138
К.Абдрахманова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 5-пунктчасына жана 80-статьясындагы 6-пунтка ылайык токтом кылам.
1. Абдрахманова Каникей жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген курактык чекке жеткендигине байланыштуу Чүй областтык сотунун судьясынын кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык 2006-жылдын 26-мартынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |