Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 22-июну ПЖ № 320
Республиканын салык кызматынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен
сыйлоо жөнүндө
Финансы-экономикалык тармагында сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын
Акматов Токтобек - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын директору;
Бакеева Күлүкан Кынатовна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын Талас облусу боюнча методологиялык-уюштуруу жана талдоо иштер бөлүмүнүн начальниги;
Курманбеков Темирбек Барыктабасович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын Бишкек шаары боюнча начальниги;
Матыев Нурланбек Сагыналиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык инспекциясынын Бишкек шаарынын Биринчи Май району боюнча начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |