КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 6-июлу ПЖ № 350
М.Н.Азимжанов, Б.Ш.Аземкулов, Д.С.Боронбаева,
Т.К.Даркимбаев жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына жана 80-статьясынын 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Азимжанов Мадамин Низамидинович - жети жылдык мөөнөткө Ысыккөл облусунун Каракол шаардык сотунун судьялыгына;
Аземкулов Барктабас Шаршеналиевич - жети жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Аскердик сотунун судьялыгына;
Боронбаев Дильфуза Салимовна - жети жылдык мөөнөткө Чүй облустук сотунун судьялыгына;
Даркимбаев Таалайбек Кадыралиевич - жети жылдык мөөнөткө экономикалык иштер боюнча Ысыккөл райондор аралык сотунун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |