КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 31-июлу ПЖ № 405
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларына квалификациялык класстарды берүү
жөнүндө
"Кыргыз Республикасынын судьяларынын квалификациялык коллегиясы жөнүндө Жобону бекитүү тууралу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 19-декабрындагы № 414 Жарлыгына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Үчүнчү квалификациялык класс берилсин:
Сыдыков Советбек Кемеловичке - Нарын шаардык сотунун төрагасы.
2. Бешинчи квалификациялык класс берилсин:
Жаналиев Бекболот Болотбековичке - Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Жарлыктан келип чыккан маселелерди чечсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |