Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 25-августу ПЖ № 439
Республиканын нефтегаз өнөржайынын кызматкерлерин Кыргыз
Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын нефтегаз өнөржайы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн сыйлансын:
Ахмедов Якубжан Тухтаназарович - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун чарбалык эсептеги курулуш монтаждоо участкасынын желдетүү тетиктерин жана түйүндөрүн даярдоо боюнча слесары;
Калмаматов Эркиналы - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун технологиялык транспорт башкармасынын көтөргүчүнүн машинисти;
Кадыров Камчыбек Султанович - "Кыргызнефтегаз" ачык акционердик коомунун бургулоо иштер башкармасынын бургулоочу устаты;
Берестова Людмила Ивановна - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын авариялык диспетчердик кызматынын начальниги;
Банков Евгений Васильевич - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын газ тармактар кызматынын начальниги;
Пращаева Любовь - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги;
Үсенбаев Канатбек Картанбаевич - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын үйлөрдүн ичиндеги газ жабдуулары кызматынын слесары;
Эргашева Фатима Мугавовна - "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун Бишкек газ чарба башкармасынын компьютердик иштетүү бөлүмүнүн улук техник-оператору.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |