Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 16-октябры ПЖ № 496
Ө.Долоев, А.Абдракманов, А.Исмамбетова
жана башкалар жөнүндө
Нарын облусунун Акталаа районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн:
Долоев Өмүрбекке - Акталаа райондук "Айыл турмушу" газетасынын редактору;
Абдракманов Айылчы - Акталаа районунун Кызылбелес айыл өкмөтүндөгү "Абдрахман" дыйкан чарбасынын жетекчиси;
Исмамбетова Курманбүбү - Акталаа районунун № 1 үйбүлөлүк врачтар тобунун врачы;
Каниметов Алманбет - Акталаа районундагы Үгүт айыл өкмөтүнүн механизатору;
Мамбетов Тейитбек - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин Акталаа райондук суу чарба башкармасынын начальниги;
Тобокелов Насыпбек - Акталаа районундагы Кошдөбө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Чылымова Бүбүажар - Акталаа районундагы Чолоккайың айылынын Бардалы Календеров атындагы орто мектебинин мугалими.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |