Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 4-ноябры ПЖ № 538
Т.Б.Бессонова, В.Н.Убутаева,
Т.Асыпбеков жана башкалар жөнүндө
Республиканын айылчарба жана кайра иштетүү өнөржайы жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
Бессонова Тамара Борисовна - Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун селекция жана арпанын баштапкы үрөнчүлүгү бөлүмүнүн башчысы;
Убутаева Венера Нурмухамедовнага - Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун Ысыккөл тажрыйбалык селекциялык станциясынын директорунун илим боюнча орунбасары, картошканы селекциялоо бөлүмүнүн башчысы;
Асыпбеков Турдубек - Чүй облусунун Панфилов районундагы "Келечек" айылчарба кооперативинин төрагасы;
Жороев Нажим - Талас облусунун Манас районундагы "Бахрам" фермердик чарбасынын жетекчиси;
Догачиев Догдурбек Сапарбаевич - Чүй облусунун Аламүдүн районундагы "Балыкчы" акционердик коомунун төрагасы;
Дурбелов Насыржан - Чүй облусунун Жайыл районундагы Суусамыр ветеринардык дарылоочу жайынын башчысы;
Жусуматов Эсен - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин суу чарба Департаментинин башкы директорунун орунбасары, эксплуатациялоо башкармасынын начальниги;
Коцарев Владимир Николаевич - Чүй облусунун Москва районундагы "Аксуу жүгөрү кайра иштетүү кант комбинаты" ачык акционердик коомунун газ электр ширетүүчүсү;
Кыргызбаев Дүйшөмбек - Нарын облусунун Кочкор райондук суу чарба башкармасынын начальниги;
Пак Владимир Афанасьевич - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантини Мамлекеттик департаментинин директорунун орунбасары;
Пшеничный Вячеслав Николаевич - Кыргыз дыйканчылык илим-изилдөө институтунун селекция жана буудайдын баштапкы үрөнчүлүгү бөлүмүнүн башчысы;
Раимкулова Назира Атантаевна - "Шампанвинкомбинат" жоопкерчилиги чектелген коомунун коньяк өндүрүшүнүн башкы технологу;
Ракин Алексей Михайлович - Бишкек шаардык мамлекеттик ветеринардык-санитардык башкармасынын Свердлов райондук ветеринардык дарылоочу жайынын башчысы;
Садырова Гүлай Садыровна - Ысыккөл облусунун Жетиөгүз районундагы "Ак-жалга" ачык акционердик коомунун инженер-технологу.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |