Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 13-ноябры ПЖ № 555
Президенттин "Кыргызстандын Агрардык элитасы"
улуттук сыйлыгын берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын агроөнөржай өндүрүшүнүн кызматкерлеринин эмгегине дем берүү, ошондой эле алардын тармакты өнүктүрүүгө кошкон кыйла салымын кубаттоо жана өлкөнүн экономикалык потенциалын чыңдоодогу жетишкендиктерди таануу максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Президенттин "Кыргызстандын Агрардык элитасы" улуттук сыйлыгы төмөнкүдөй номинациялар боюнча берилсин:
Төрөгелдиев Жаныбек Осмоновичке - Талас облусунун Манас районундагы "Осмон" дыйкан чарбасынын төрагасы;
Жумаков Жумагулга - Нарын облусунун Атбашы районундагы "Жумак" асыл тукум жана үрөнчүлүк чарбасынын жетекчиси;
Базарбаева Зайна Касымовнага - Ош облусунун Өзгөн районундагы "Касым-Ата" фермер чарбасынын жетекчиси.
Тынаев Сапарбек Мамбетовичке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигинин агрардык саясат жана инвестициялар башкы башкармасынын начальниги;
Рузахунов Каримахун Рузахуновичке - Чүй облусунун Ысыката районундагы "Кант Кыргызайылчарбахимия" жоопкерчилиги чектелген коомунун президенти;
Батыков Жапарбекке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаментинин республикалык эпизоотияга каршы экспедициясынын начальниги.
Абдибаитов Бердикулга - Баткен облусунун Кызылкыя шаарындагы "Агропласт" айыл чарба кооперативинин директору;
Самсонов Александр Владимировичке - Чүй облусунун Москва районундагы "Ак-Сүт" ачык акционердик коомунун башкы директору;
Таймуратов Рустам Сулаймановичке - Чүй облусунун Москва районундагы "Ак-Суу Дан-Азык" ачык акционердик коомунун президенти.
Юдахин Николай Николаевичке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Суу чарба департаментинин "Ирригациялык системаларды реабилитациялоо" долбоорун башкаруу бөлүмүнүн плотиналар боюнча инженери;
Жоробаев Шактыбек Жоробаевичке - Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлигине караштуу Айылды суу менен жабдуу департаментинин Чүй аймактык бөлүмүнүн координатору;
Бекенов Алик Есенбековичке - Бишкек шаарындагы "Кыргызсуудолбоор" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы.
2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын стратегиялык өнүктүрүү жана экспертиза бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |