Редакцияот 15.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 15-майы ПЖ № 103

М.С. Жээналиев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы М.С. Жээналиевди жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүн жаткан Жээналиев Марат Субанбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.

2.  Бул Жарлык кол коюлган кундөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

А.Атамбаев