КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 15-майы ПЖ № 104
А.С. Эргешов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңеши Кыргыз Республикасынын Башкы прокуроруна Кыргыз Республикасынын жергиликтуү сотунун судьясы А.С. Эргешовду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук бергендигине байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 25-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүнө ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош облусунун Кара-Кулжа райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Эргешов Абдижалил Садыбакасович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан четтетилсин.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |