Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 11-декабры ПЖ № 585
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун
судьяларын дайындоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктунун 5-пунктчасына жана 79-статьясынын 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Төмөнкүлөр дайындалсын:
Бекназаров Жаныбек Денисбекович - мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, он жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттун судьялыгына;
Кожобекова Гүлмира Турдумаматовна - беш жылдык мөөнөткө жергиликтүү соттун судьялыгына.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |