КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2006-жылдын 11-декабры ПЖ № 586
Ж.Д.Бекназаров, Г.Т.Кожобекова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясындагы 2-пункттун 5-пунктчасына, 79-статьясынын 6-пунктуна жана 88-статьясына ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Бекназаров Жаныбек Денисбекович беш жылдык мөөнөткө Жалалабат облусунун Сузак райондук сотунун төрагасы болуп дайындалсын.
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Кожобекова Гулмира Турдумаматовна жергиликтүү соттун судьясынын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн Жалалабат облустук сотуна жиберилсин.
3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | К.Бакиев |