Редакцияот 17.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 17-майы ПЖ № 110

К.Т. Илиязов жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы К.Т. Илиязовго карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26, 28-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Илиязов Камчыбек Темирбекович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2.Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

А.Атамбаев