Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫГЫ
2014-жылдын 17-майы ПЖ № 112
З.С. Максутов жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы З.С. Максутовго карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин З-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26, 28-беренелерине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Ош облусунун Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Максутов Закир Сатарович Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.
2. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштан күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти | А.Атамбаев |