Редакцияот 17.05.2014
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ

ЖАРЛЫГЫ

2014-жылдын 17-майы ПЖ № 113

Т.Т. Джулдашев жөнүндө

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясы Т.Т. Джулдашевге карата ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип жазасын колдонуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин сунушунун негизинде, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 3-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 95-беренесинин 5-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 26, 28-беренелерине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАМ:

1.  Ош шаардык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Джулдашев Талант Тюленбаевич Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун.

2.  Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

            Президенти

А.Атамбаев