Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 31-январы ПЖ № 40
К.Абитовду, К.Абдыжапаровду, К.Бообековду жана башкаларды Кыргыз Республикасынын
Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө
Коомдук тартипти чыңдоого жана Кыргызстандын элдеринин эң мыкты руханий салттарын өнүктүрүүгө сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
Абитов Касым - Бишкек шаарынын "Чыгыш-5" кичирайонунун аксакалдар сотунун төрагасы;
Абдыжапаров Кеңешбек - Чүй областынын Жайыл районундагы Сосновка айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы;
Бообеков Касым - Талас областынын Талас районундагы Кууганды айыл өкмөтүнүн аксакалдар сотунун төрагасы;
Жумашев Садыр Темирбекович - Ысыккөл областынын Жетиөгүз районундагы Тилекмат айылынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Каримов Иргашбай - Ош областынын Карасуу шаарынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Мүсүралиев Керималы - Нарын областынын Кочкор районундагы Кочкор айылынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Нурматов Мамат - Жалалабат областынын Жалалабат шаарындагы "Достук" коомдук-аймактык башкармасынын аксакалдар сотунун төрагасы;
Таштанбаев Абдижапар - Баткен областынын Баткен районундагы Бозадыр жана Каратокой айылдарынын аксакалдар сотунун төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |