Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 26-февралы ПЖ № 59
Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагындагы
Кыргыз Республикасынын Президентинин
сыйлыгын ыйгаруу жөнүндө
Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгын изденип алууга конкурстун натыйжасы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңештин чечимин карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагындагы Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгы төмөнкү лауреаттарга төшбелги жана диплом тапшыруу, эмгек акысынын 100 минималдуу өлчөмүндө каражат берүү менен ыйгарылсын:
"Асылзат" газетасынын - жалпыга маалымдоо каражаттарында генредакциялык коллегиясына дердик өнүкгүрүү жагындагы материалдарды мыкты чагылдыргандыгы үчүн;
Тугельбаева Бермет Галиевнага - Б.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридикалык факультетинин жазык укугу жана процесс кафедрасынын доценти, Бишкек шаары - "Аялдарга карата кылмыштуу зомбулуктун алдын алуу маселелери" монографиясы үчүн "Мыкты ишкердик демилге" номинациясында:
Абдраманова Анаркүл Абдрамановнага - "Аксы-Кайрымдуулук-Кербен" коомдук бирикмесинин жетекчиси. Кербен айылы, Аксы району, Жалалабат областы - "Аксы району дыйкан-фермер чарбаларынын кайрак жерлерин электр энергиясын жана күйүүчү-майлоочу материалдарды колдон бостон сугат суусу менен камсыз кылуу"
долбоор үчүн.
2. Кыргызстанда гендердик өнүктүрүү жагында Кыргыз Республикасынын Президентинин сыйлыгын изденип алууга конкурска сунуш кылынган айрым материалдар үчүн төмөнкү катышуучуларга сыйлык берүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңешинин чечими колдоого алынсын:
Жаңыбаева Анархан Маматкасымовнага - "Кыргыз Руху" газетасынын кабарчысы, Жалалабат шаары, Жалалабат областы;
Пятибратова Алла Леонидовнага - көзкарандысыз журналист, Ош шаары.
Бөкөнтаева Жаңыл Кеңешовнага - социология илимдеринин кандидаты, доценттин милдеттерин аткаруучу, К.Тыныстанов атындагы Ысыккөл мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын башчысы - "Ысыккөлдүн ишкер аялдары.
Осмоналиева Рая Керимовнага - социология илимдеринин кандидаты, Бишкек шаары - "Кыргызстандын аялдары кечээ жана бүгүн" монографиясы үчүн;
Сабитова Эльмира Сагындыковнага - И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин окууинспекциялык башкармасынын педагогикалык практикасынын башчысы - "Гендердик теңдештик көз карашынан алганда кыргыз адабиятындагы (20-50-жж.) аялдын образынын көркөм эволюциясы" изилдөөсүүчүн;
Автордук жамаатка: Илибезова Эльвира Кожомбердиевна - "Эл-пикир" коомдук пикирди иликтөө борбору, Бишкек шаары - "Кыргызстандагы үйбүлөлүк зомбулук: анын себептери,
Илибезова Лариса Кожомбердиевна масштабы. аракеттенүүнүн натыйжасы", изилдөөсү үчүн.
Токтосунов Рустамбек Нурмаматович,
Селезнева Евгения Ивановна
Осмоналиева Күлүмбүбү Осмоналиевнага - пенсионер. Акмоюн айылы. Атбашы району. Нарын областы - дары чөптөрдү жана мөмөлүү бадалдарды өстүрүү боюнча долбоору үчүн;
Калмаматова Гүлнара Сабыровнага - токой чарбасынын инженери – Кызылжылдыз айылы, Жумгал району. Нарын областы - "Жумгал районунда цитрус, мөмө-жемиш жана ийне жалбырактуу дарактарды өстүрүү үчүн теплица уюштуруу. Биогаз системасын орнотуу" долбоору үчүн;
Малдыбаева Чынаркүл Шакеновнага - жеке ишкер. Түп айылы, Түп району, Ысыккөл областы - дан өсүмдүктөрүн өстүрүү боюнча долбоору үчүн.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына котролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу үйбүлө, аялдар жана гендердик өнүктүрүү маселеси боюнча Улуттук кеңешинин катчылыгына жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө керек.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |