Загрузка документа…
4-тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Президентинин 2014-жылдын 2-июнундагы ПЖ № 119 Жарлыгы менен бекитилген |
Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ жөнүндө жобо
1. Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын ишке ашырууну контролдоо боюнча жумушчу топ (мындан ары - жумушчу топ) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Кыргыз Республикасында 2014-2020-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана тил саясатын өркүндөтүүнүн улуттук программасын (мындан ары - Улуттук программа) аткаруусун контролдоону жана алардын ишин координациялоону камсыз кылуу максатында түзүлгөн консультациялык-кеңеш берүүчү орган болуп эсептелет.
2. Жумушчу топ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасынын расмий тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Жумушчу топтун максаттарын ишке ашыруу мыйзамдуулуктун, иштин ачыктыгы жана айкындыгы принциптеринин негизинде жүргүзүлөт.
4. Жумушчу топ:
1) Улуттук программаны аткаруу боюнча иштерди активдештирүү боюнча макулдашылган иштерди жүргүзөт;
2) өзүнүн жыйналыштарында ар бир министрликтин, администрациялык ведомствонун, башка мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдарынын системасында Улуттук программанын ишке ашырылуусунун жүрүшүн коомчулукка маалымдоо менен карайт;
3) түзүлгөн уюштуруучулук-финансылык шарттарга жараша Улуттук программаны өзгөртүү жана толуктоо боюнча сунуштарды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына киргизет.
5. Жумушчу топтун персоналдык курамы Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан бекитилет.
6. Жумушчу топту жетекчи башкарат, анын орун басарлары болот.
7. Жумушчу топтун курамына макулдашуу боюнча көз карандысыз эксперттер кириши мүмкүн.
8. Жумушчу топ өзүнүн ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
1) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка мекемелерден жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан өзүнүн иши үчүн зарыл болгон статистикалык жана башка маалыматтарды белгиленген тартипте суратууга жана алууга;
2) мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик үлүшү бар чарбакер субъекттердин тиешелүү деңгээлдеги жана алардын бөлүмдөрүнүн кызмат адамдарын чакырууга жана угууга;
3) жумушчу топтун жыйналышында кароо үчүн киргизилген маселелер боюнча материалдарды жана документтердин долбоорлорун даярдоо максатында мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн эксперттик топторду түзүүгө;
4) Улуттук программаны ишке ашыруу маселелери боюнча текшерүү жүргүзүүнү укук коргоо жана фискалдык органдарга сунуш кылууга;
5) мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча иштин натыйжасы үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилиги жөнүндө сунуштарды белгиленген тартипте киргизүүгө;
6) жумушчу топтун ишинин максаттарынан келип чыккан башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууга.
9. Жумушчу топтун жетекчиси:
1) жумушчу топтун жыйналыштарын чакырат жана жыйналыштарына төрагалык кылат. Зарыл болгон учурларда жумушчу топтун жыйналыштарында төрагалык кылууну өзүнүн орун басарларынын бирине тапшырат;
2) мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, башка мекемелерден жана менчигинин түрүнө карабастан уюмдардан зарыл болгон маалыматтык материалдарды сурап алат;
3) жумушчу топтун тапшырмаларынын аткарылышын контролдойт;
4) жумушчу топтун жыйналыштарында кароо үчүн тиешелүү сунуштарды киргизет.
10. Жумушчу топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
1) жумушчу топтун компетенциясына кирген маселелер боюнча сунушту, аларды кароонун зарылдыгын, чечүүнүн жолдорун жана ыкмаларын негиздөө менен киргизүүгө;
2) талкуулоону жана чечимди кабыл алууну талап кылган документтердин долбоорлорун, башка материалдарды макулдашылган тартипте киргизүүгө;
3) жумушчу топтун кароосуна киргизилген маселелер боюнча талкууга жана чечимдерди иштеп чыгууга катышууга;
4) кабыл алынган чечимдердин жана аларды ишке ашыруу боюнча чаралардын натыйжалуулугун баалоо тууралуу сунуштарды киргизүүгө;
5) жумушчу топтун жыйналышын өткөрүүнү демилге кылууга.
11. Жумушчу топтун жыйналыштарында кароо үчүн тиешелүү материалдарды даярдоо жүктөлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү бекитилген планга ылайык ушул жыйналыштарды даярдоого катышат.
12. Жумушчу топтун жыйналышында каралуучу маселелер боюнча документтердин долбоорлорун демилгечи же ушул максатта түзүлгөн топ даярдайт.
5. Жумушчу топтун жыйналыштары
13. Жумушчу топтун жыйналыштары зарылдыгына жараша, бирок айына кеминде бир жолу өткөрүлөт.
14. Жумушчу топтун жыйналыштары жетекчи тарабынан же жумушчу топтун мүчөлөрүнүн кеминде жарымынын демилгеси боюнча чакырылат жана ага анын курамынын кеминде жарымы катышса мыйзамдуу болуп эсептелет.
15. Жумушчу топтун жыйналышын өткөрүүнүн датасы, убактысы жана орду анын жетекчиси тарабынан белгиленет.
16. Жумушчу топтун чечимдери жана сунуштары жыйналышка катышкандардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуш берүүдө добуштар тең болгон учурда жумушчу топтун жыйналышында төрагалык кылгандын добушу чечүүчү болуп эсептелет.
17. Жумушчу топтун жыйналышына мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары, жарандык коомдун, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чакырылышы мүмкүн. Чакырылган адамдардын жумушчу топтун чечимдерин жана сунуштарын кабыл алуудагы добуш берүүгө катышууга укугу жок.
18. Жумушчу топтун жыйналыштары протоколдор менен таризделет, аларга жумушчу топтун жетекчиси жана жыйналыштын катчысы кол коет.