Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2000-жылдын 26-майы ПУ № 130
Кыргызстан калкынын үчүнчү Курултайын өткөрүү жөнүндө
Кыргызстандын калкынын биримдигин жана улуттар аралык ынтымагын андан ары чыңдоо, республикада жашап жаткан бардык этностордун руханий, маданий дөөлөттөрүн жана үрп-адатын өнүктөрүүгө жана өз ара байытууга жигердүү көмөктөшүү максатында
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Улуттар аралык мамилелерди шайкеш келтирүүнүн, ХXI кылымда өлкөнүн элдеринин гүлдөп-өнүгүшүнө, достугуна жана баш кошуусуна жетишүүнүн, коомдун руханий түркүктөрүн чыңдоонун актуалдуу маселелерин кароо үчүн Кыргызстан калкынын үчүнчү Курултайын (мындан ары - Курултай) 2000-жылдын 30-июнунда Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндөгү Кыргызстан калкы Ассамблеясынын кеңешинин кайрылуусу колдоого алынсын.
2. Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин тиркелген курамы бекитилсин.
3. Уюштуруу комитети региондордон, коомдук бирикмелерден, улуттук-маданий борборлордон делегаттарды көрсөтүүнүн тартибин жана Курултайды өткөрүүнүн регламентин аныктасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар Куралтайды даярдоого жана өткөрүүгө уюштуруу комитетине көмөк көрсөтүшсүн.
5. Курултай демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен өткөрүлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |