Загрузка документа…
КР Президентинин 2021-жылдын 31-декабрындагы ПЖ № 587 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2001-жылдын 27-февралы ПУ № 63
"Курманбек" эпосун майрамдоону өткөрүү жөнүндө
"Курманбек" эпосу оозеки элдик чыгармачылыктын байыркы эстеликтеринин бири жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышынын философиясын камтыган маданий мурас болуп санала тургандыгын эске алып, патриоттук тарбиялоо маселелерине коомчулуктун көңүл буруусун күчөтүү, туризм индустриясын жигердештирүү максатында токтом кылам:
1. "Курманбек" эпосунун 500 жылдык мааракеси бүткүл элдик майрам деп жарыялансын.
2. "Курманбек" эпосун салтанаттуу майрамдоо Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын "Курманбек-500" деген атайын эсебине келип түшкөн каражаттардын эсебинен 2001-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында өткөрүлсүн.
3. Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясы Жалал-Абад областтык кеңеши менен бирдикте бир айлык мөөнөттө уюштуруу комитетин түзүп, ага "Курманбек" эпосун майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгууну тапшырсын.
4. Бул Указдын аткарылышына контролдук кылуу милдети Жалал-Абад областынын мамлекеттик администрациясынын башчысына-губернаторуна жүктөлсүн.
5. Бул Указ кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |