КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
УКАЗЫ
2001-жылдын 16-ноябры ПУ № 333
Кыргыз Республикасынын Президентинин
Администрациясынын структурасына жана
штатына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 1999-жылдын 19-мартындагы № 77 "Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасы жөнүндөгү" Указына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган Указ менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын структурасынын жана штаттык орундарынын 13-пункту төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"13. Тышкы саясат бөлүмү 9
бөлүм башчы 1
бөлүм башчынын орун басары 1
консультант-эксперттер 2
референттер 2
Президенттин протокол кызматы 3
жетекчи 1
референттер 2";
- соңку "Бардыгы" деген саптагы "103" деген цифра "104" деген цифра менен алмаштырылсын.
2. Бул Указ кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
А.Акаев |