КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 13-июну ПЖ № 226
Ж.Оболбекова жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-статьясынын 2-пунктундагы 3-пунктчасына жана 80-статьясынын 6-пунктуна ылайык
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Оболбекова Жамиля жергиликтүү соттун судьясынын кызматын ээлөө үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген жогорку куракка жеткендигине байланыштуу Ысыккөл областынын экономикалык иштер боюнча райондор аралык сотунун төрайымынын кызматынан бошотулсун.
2. Бул Жарлык 2005-жылдын 7-июнунан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
К.Бакиев |