Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ
ЖАРЛЫК
2005-жылдын 18-июну ПЖ № 243
"Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин
кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну
токтото туруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы тарабынан К.С.Бакиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу жана Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө кодекстин 28-статьясынын талаптарын аткаруу иретинде
ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Бакиев Курманбек Салиевичтин Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарышы 2005-жылдын 20-июнунан баштап Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо добуш берүү күнү аяктаганга чейин токтотула турсун.
2. Ушул Жарлыктын 1-пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылуу Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министрлери жана вице-премьер-министрлери өз милдеттерин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 7-июнундагы № 218 буйругу менен белгиленген милдеттерди бөлүштүрүүгө ылайык аткара тургандыгы белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууну убактылуу токтото турууга байланыштуу жана К.С.Бакиевдин Кыргыз Реслубликасынын Президентинин милдетин аткаруучу катары ишин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы тейлөө режимин өзгөртүү боюнча тийиштүү иш-чараларды жүргүзсүн.
4. Ушул Жарлыктын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү белгиленген тартипте жана мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына жиберилсин.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу |
К.Бакиев |