Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 16-июлу № 278
Республиканын калкты тейлөө чөйрөсүнүн
кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын калкты тейлөө чөйрөсүнө сиңирген эмгеги үчүн.
"Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөнрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Бакиров Абдимиталипке - "Гүлнара" чакан ишканасынын чачтарачы, Ош областы;
Ибраев Темирбекке - Нарын шаардык коммуналдык башкармасынын суу каналынын инженери;
Казбакова Зейнепке - "Гүлкайыр" жоопкерчилиги чектелген коомунун директору, Талас областы;
Самудинова Жакшылык Самудиновнага - "Юность" ательесиндеги тигүү өндүрүшүнүн мастери, Бишкек шаары;
Табалдиев Кадырбек Жумагуловичке - Ысыккөл областтык турмуш-тиричилик-коммуналдык чарба бирикмесинин Балыкчы "Суу канал" ишканасынын директору.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Бадалов Тохиржан Хамзаевич - Ош көрктөндүрүү жана жашыл чарба комбинатынын гаражынын кызматкери, Ош шаары;
Бекташов Олжебай - "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын "Карасу-3" бөлүмүнүн начальниги, Ош областы;
Жолболдуев Абдыкадыр - "Баткен-Коммунальщик" акционердик коомунун трактористи, Баткен шаары;
Касымов Махаматакыл Мажитович - Жалалабат район аралык "Жылуулукжабдуу" өндүрүш бирикмесинин башкы директору, Жалалабат шаары;
Коргонбаев Равшанбек - Ош район аралык "Жылуулукжабдуу" өндүрүш бирикмесинин нөөмөттүк мастери, Ош шаары;
Корпусов Иван Дмитриевич - "Золотой дракон" ресторанынын ашпозчу мастери, Бишкек шаары;
Юлдашев Алымжан Султанжанович - "Чыгышэлектро" ачык акционердик коомунун "Нур" кафесинин башчысы, Ысыккөл областы.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К.Бакиев |