Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-июлу ПЖ № 290
М.Абылкасымованы, Ө.Даникеевди, А.Стамовду
III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлоо
жөнүндө
Кыргыз улуттук поэзия маданиятын өнүктүрүүдөгү өзгөчө салымы үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын:
Абылкасымова Майрамкан - Кыргыз Республикасынын эл акыны.
Кыргыз улуттук адабиятын өнүктүрүүдөгү кыйла салымы үчүн III даражадагы "Манас" ордени менен сыйлансын:
Даникеев Өскөн - Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу;
Стамов Асанбек - Кыргыз Республикасынын эл жачуучусу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К. Бакиев |