Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-июлу ПЖ № 295
Республиканын куруучуларын мамлекеттик сыйлыктар
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын курулуш жаатындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген куруучусу" деген ардактуу наам берилсин:
Айдыралиев Базаркулга Архитектура - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын архитектура жана шаар куруу боюнча Кыргыз илим-изилдөө долбоордук институтунун директорунун орунбасары;
Алексенцев Александр Андреевичке - "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 4 курулуш-монтаждоо башкармасынын прорабы;
Веприк Анатолий Викторовичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын Бишкек шаарынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролу башкармасынын начальнигинин орунбасары;
Лесаков Валерий Михайловичке - "Средазспецэнергомонтаж" жабык акционердик коомунун директору, Чүй областы;
Мадаминов Шүкүрали Астановичке - "Долбоор" долбоордук институту" акционердик коомунун башкы директору, Ош областы;
Мамбетов Турдубекке Архитектура - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын мамлекеттик архитектура-курулуш контролу башкы башкармасынын начальниги;
Озокеев Эргешалы Рыскуловичке - "Кербенайылкурулуш" акционердик коомунун төрагасы, Жалалабат областы;
Сатышов Токтомамбетке - Ош областтык архитектура-курулуш контролу башкы башкармасынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Амыркулов Мамасыдык Байышович - Чүй областтык архитектура жана шаар куруу департаментинин директору;
Бондарева Вера Ильинична - "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 8 курулуш-монтаждоо башкармасынын майлоочуларынын бригадири;
Боронбаева Какиш Калыйакматовна - "КараколКПДпроектстрой ачык акционердик коомунун прорабы, Ысыккөл областы;
Ибраимов Эркинбек Идирисович - "Ак-Шумкар" ачык акционердик коомунун директору, Ысыккөл областы;
Иманбеков Сейитбек Төлөмүшович - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын Кыргыз илим-изилдөө жана курулушту долбоорлоо институтунун директору;
Исаков Марат Абдымажимович - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана залалдарын жоюу боюнча департаментинин директору;
Исмаилов Турдумамат - "Ошайылкурулуш" акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, Ош областы;
Кыдырмамбетов Орозбай - "Нарынкурулуш" жоопкерчилиги чектелген коомдун бригадири, Нарын областы;
Карчин Сергей Михайлович - "АРК мастер" жоопкерчилиги чектелген коомдун башкы архитектору, Бишкек шаары;
Ким Виталий Васильевич - "Таш-Темир" ачык акционердик коомунун башкы директорунун финансы маселелери боюнча орунбасары, Бишкек шаары;
Коробейников Леонид Егорович - "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 4 курулуш-монтаждоо башкармасынын жыгач устасы;
Малий Галина Константиновна - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик комиссиясынын архитектура жана шаар куруу боюнча Кыргыз илим-изилдөө долбоордук институтунун Бишкек шаарынын башкы пландык өнөрканасы долбоорунун башкы инженери;
Мангутов Фарид Хусаинович - Баткен областтык архитектура жана курулуш контролу боюнча инспекциясынын Баткен району боюнча инспектору;
Сулайманов Бакытбек Мухамирович - Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас механизацияланган көчмө отрядынын начальниги;
Талиев Тариэль Анарбаевич - "Кочкоратаайылкурулуш" акционердик коомунун башкармасынын төрагасы, Жалалабат областы;
Тимченко Клавдия Дмитриевна - "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун № 8 курулуш-монтаждоо башкармасынын шыбакчыларынын бригадири;
Усупбаев Анарбек Чолпонкулович - "Строймеханизация" жоопкерчилиги чектелген коомдун президенти, Бишкек шаары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К.Бакиев |