Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-июлу ПЖ № 298
Кыргыз Республикасынын "Көмүр" мамлекеттик
ишканасынын кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар
менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын көмүр өнөржайын өнүктүрүүдөгү сиңирген змгеги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" медалы менен:
Касыбеков Керезбек Мусаевич - "Ак-Улак разрези" мамлекеттик акционердик коомунун Каракече" разрезинин газоэлектр ширетүүчүсү, Нарын областы;
Сейдалиев Достан Муратович - "Сүлүктү шахта курулуш" ачык типтеги акционердик коомунун өткөөлчүсү, Баткен областы.
"Кыргыз Республикасынын өнөржайына эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Мукамбетов Картайбек - "Көмүр" мамлекеттик ишканасынын башкы директорунун биринчи орунбасары, Бишкек шаары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К.Бакиев |