Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-июлу ПЖ № 299
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Мамлекеттик архив кызматынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө
Республиканын архив иши жагындагы сиңирген эмгеги үчүн төмөнкүлөр сыйлансын:
"Даңк" медалы менен:
Абдыкаров Төлөгөн - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын ведомстволук архивдер жана архивдик инспекция бөлүмүнүн начальниги.
"Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер" деген ардактуу наам берилсин:
Жумалиев Сеитбек Рыспековичке - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын статс-катчысы.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Байсымакова Гүлай Качкынбаевна - Кыргыз Республикасынын Документациялар борборунун башчысы;
Жунушева Айнагүл - Ысыккөл областтык мамлекеттик администрациясынын алдындагы архивдер жана документациялар башкармасынын Жетиөгүз райондук мамлекеттик архивинин жетектөөчү архивисти;
Көчөков Максутали Салиевич - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик архив кызматынын Жалалабат областтык архивдер жана документациялар башкармасынын начальниги;
Кызаева Динара Шурубековна - Кыргыз Республикасынын Президентинин архивинин башчысынын орунбасары.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К.Бакиев |