Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН
МИЛДЕТИН АТКАРУУЧУНУН
ЖАРЛЫГЫ
2005-жылдын 30-июлу ПЖ № 300
"Кыргыз темиржолу" Улуттук компаниясы"
мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерин
мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо
жөнүндө
Республиканын темиржол транспорту жагындагы сиңирген эмгеги үчүн:
"Даңк" медалы менен сыйлансын:
Абдулаев Маратбек Рахматулович - локомотив чарбасы боюнча филиалдын эксплуатациялоо цехинин тепловозунун машинисти.
"Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наам берилсин:
Байгазиев Баданга - жол чарбасы боюнча филиалдын бригадири;
Иманов Каныбек Мадамкуловичке - локомотив чарбасы боюнча филиалдын эксплуатациялоо цехинин тепловозунун машинисти;
Кашко Людмила Николаевнага - маалыматтык-эсептөө жагынан камсыз кылуу боюнча филиалдын начальниги;
Кириченко Виталий Николаевичке - темиржолчулардын жана транспорт куруучулардын кесиптик бирлигинин эмгек боюнча техникалык инспектору;
Тажиматов Жололхонго - Түштүк бөлүмдүн Шамалдысай станциясынын начальниги.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйлансын:
Грохотов Юрий Алексеевич - жол чарбасы боюнча филиалдын жол мастери;
Лиличенко Николай Викторович - вагон чарбасы боюнча өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн начальниги.
Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу: |
К.Бакиев |